Редакцияот 17.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алга айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2016-жылдын 17-февралы № 10

Алга айыл өкмөтүнүн суу фондунун жерлеринен натыйжалуу пайдалануу жөнүндө

Алга айыл аймагынын суу фондуна тиешелүү жерлердин натыйжалуу пайдалануу, селден сактоочу дамбалардын, жарлардын булактардын санитардык коргоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Алга айыл аймагынын суу фондуна тиешелүү жерлердин натыйжалуу пайдалануу, селден сактоочу дамбалардын, жарлардын булактардын санитардык коргоо боюнча суу фондунун жер аянттары “Алга Жаркотон” СПАсынын карамагына өткөрүлүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алга айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акбаралиевге тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Пазылов