Редакцияот 22.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Таш айылдык кеңешинин кезектеги 18 сессиясы (бешинчи шайланган)

 

2016-жылдын 22-февралы № 18/2

“Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жеке-менчик үй куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү токтомду бекитип берүү жөнүндө”

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашаган тургундарына жеке-менчик үй куруу үчүн жер тилкелерин ажыратып берүү жөнүндөгү Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 25.01.2016-жылдагы № 1 токтомун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,13,32 статьяларына ылайык, Ак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жеке-менчик үй куруу үчүн Ак-Таш айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун Отуз-Адыр (Беш үй) участкасындагы кайракы жеринен 76,0 гектар жер аянты ажыратып берүү жөнүндөгү 25.01.2016 жылдагы № 1 токтому бекитилсин.

2. Ушул токтомду бекитип жана Ош облустук мамлекеттик администрациясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

К. Орунбаев