Редакцияот 06.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Могол айылдык кеңешинин 3-чакырылышынын 2- отуруму

 

2015-жылдын 6-марты № 3/5

Сары-Могол айыл өкмөтүнө караштуу "Гүлбурак" балдар бакчасынын директору А. Нуралиеванын кайрылуусунун негизинде айыл аймак башчысы А. Курмушуевдин балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын мүчөлүк акысын кароо жөнүндө Сары-Могол айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Могол айыл өкмөтүнө караштуу "Гүлбурак" балдар бакчасынын директору А. Нуралиеванын кайрылуусунун негизинде балдардын ата-энесинен чогултуучу бир айлык мүчөлүк акысы 200 (эки жγз ) сом бөлүп бекитилсин.

2. Токтомдун аткаруу жагы балдар бакчасынын директору А. Нуралиевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

А. Нишанов