Редакцияот 27.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КѲК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Сай айылдык кеңешинин  V-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы

 

2015-жылдын 27-ноябры № 6

Көк-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин мамлекеттик актысы жоктугуна байланыштуу айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз республикасынын Өкмөт башчысы Т.А. Сариевге Жогорку Кеңештин спикери А.Ш. Жээнбековго, Жогорку Кеңешке Кара-Буура районунан депутат болуп барган депутаттарга айыл өкмөттүн жана айылдык кенештин атынан Кара-Буура жаратылышты коргоо улуттук паркынан Көк-Сай айылдык аймагына тиешелүү жайыт жерлерин ажыратып берүү жөнүндө кайрылуу каты жазылып жөнөтүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышы Көк-Сай айылдык аймагынын башчысы К.Ш. Мамбетовго жүктөлсүн.

 

Төрайым

Б. Султаналиева