Редакцияот 14.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 14-апрели № 5

«Бакай-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө»

Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитүү максатында Ленинпол айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чыгашалар 17313,8 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бюджет боюнча бекитилсин:

- Мамлекеттик тейлөө бөлүмү – 2736,1 миң сом.

- Жарандык коргонуу бөлүмү – 120,0 миң сом.

-Билим берүү бөлүмү – 6125,2 миң сом. (Мектептер – 2629,4 миң сом, балдар бакчасы – 3495,8 миң сом).

-Социалдыкжактанкоргоо бөлүмү – 680,2 миң сом.

-Маданият жана спорт бөлүмү – 571,0 миң сом.

- Турак-жайкоммуналдык бөлүмү – 4275,3 миң сом.

Жалпысы:   14507,8 миң сом.

2. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгаша бөлүктөрүатайын каражат 2806,0 миң сом менен кошулуп 17313,8 миң сом суммадагы баланс менен бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленинпол айылдык кеңешинин бюджет жана турак-жай комитетинин төрөгасы А. Сапаралиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Ширдаков