Редакцияот 16.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 16-апрели № 2

“Тарых жана маданият” жылына карата кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышы боюнча маданият үйүнүн директору Бердикожоева Айтбүнүн маалыматы жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңештин XXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Тарых жана маданият жылында” маданият үйүнүн директорунун аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.

2. Маданият үйүндө анын кабинети жоктугунан көптөгөн кемчилдиктер бар. Ал келтирилген кемчилдиктерди жоюу үчүн 3 айлык мөөнөт берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б. Токтосунов