Редакцияот 16.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 16-апрели № 7

Сузак районунун ардактуу атуулун ыйгаруу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңештин XXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сузак райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына Ленин айылынын тургуну Жайчиев Эмил Аканбековичке, Жыгач-Коргон айылынын тургундары Кадырова Бүсара Нурмаматовнага, Салиева Калбү Ражаповнага жана Жумабаев Төрөбай Муктаровичтерге “Сузак районунун ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу сунушталсын.

2. Токтомдун бир нускасы Сузак райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Б. Токтосунов