Редакцияот 04.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 4-апрели № 55

Талас райондук афган согушунун ардагерлер уюмуна жер бѳлγп берγγ боюнча

Депутаттардын Бердике баатыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектγγ 11 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Афган согушунун ардагерлер уюмуна Беш Таш кѳлγнγн астынан Термеден 0,50 га жер 1 (бир) жылга, убактылуу кароолчулук кылып отурууга берилсин.

2. Мал багып чыгууга уруксат берилбесин.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы А. Мамбетовго жγктѳлсγн.

 

Төрага

А. Беримкулов