Редакцияот 19.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын II сессиясы

 

2016-жылдын 19-сетябры № 2

Мин-Булак айыл аймагына карашттуу жер аяннтарынан, кен иштеткен башка ишканалардан, айыл аймагынын тургундарынан келип түшкөн акча каражаттарын жана социалдык пакетин натыйжалуу пайдалануу максатында Мин-Булак айыл өкмөтүнүнү алдында «Миң-Булак айыл аймагынын өнүктүрүү фонду» түзүү жөнүндө

Депутаттардын Мин-Булак айылдык аймагынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн алдында «Миң-Булак айыл аймагынын өнүктүрүү фонду» түзүлсүн.

2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы фондун башчысын жана бухгалтерин бекитсин.

3. Өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү боюнча Миң-Булак айыл өкмөтү айылдык кеңешке отчётун бир жылда бир жолу берсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдетендирилсин.

 

Төрага

Т. Анкашов