Редакцияот 27.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чангет айыл кеңешинин III чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

 

2016-жылдын 27-июлу № 12

Чангет айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Чангет айылдык кеңешинин 3-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын күн тартибиндеги 6-маселенин угуп жана талкуулап Чангет айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чангет айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча 112 миң сом акча каражаты “ОсОО Мамат” ишканасы тарабынан түшүп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизилип түшкөн акча каражаты № 39 В.И. Ленин атындагы орто мектебине курулуп жаткан жылытуу системасына которулуп берилсин.

2. Бул токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы экономика,бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С. Абдираимов