Редакцияот 17.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык кеңешинин IV чакырылышынын 7-заседаниеси

 

2016-жылдын 17-февралы № 7/5

Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын № 182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  кабыл алынган салык кодексинин 337 – статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизилип,  айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен  базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүүгө башкача айтканда чөп чабынды жердин азыркы базалык ставкасы 1 га жерге 13.85 сом төлөнсө аны 3 эсеге көбөйтүү боюнча элдин пикирин, сунуштарын эске алып, талкуулоонун негизинде Кабылан-Көл айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 3 эсеге көбөйтүлсүн.

2. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 3 эсеге көбөйгөндүгү тууралуу жергиликтүү жамааттарга жана элге толук жеткирүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.

3. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы көтөрүлгөн баада салык жыйымдарын топтоо салык кызматкери  К. Абжалиевге  милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго тапшырылсын.

 

Төрага

У. Кадыркулов