Редакцияот 28.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2017-жылдын 28-февралы № 6/8

Соң-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

Соң-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча ФЭБ башчысы- башкы эсепчиси Р.Калмамбетованын жана айылдык Кенештин экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп депутаттардын Соң-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Соң-Көл айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Айыл өкмөтүнүн башчысы:                                      1 штат.

 Жооптуу катчы                                                           1 штат.

 Бөлүм башчы –башкы эсепчи                                1 штат.

 Башкы адис                                                                1 штат.

 Жетектөөчү адис                                                       1 штат.

 Адис                                                                             1 штат.

 Аскердик эсепке алуу столунун инспектору         1 штат.

 Тазалоочу                                                                   1 штат.

 Кароолчу                                                                     1 штат.

Жыйынтыгы                                                             10 штат.

Сон-Көл айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин штаттык ырааттамасы 150075 (бир жүз элүү миң жетимиш беш) сом менен бекитилсин.

Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Чекирбаевге,ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Соң-Көл айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

А. Жакыпов