Редакцияот 23.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) депутаттарынын кезектүү II сессиясы

 

2017-жылдын 23-январы № 5

Савай айыл өкмөтүнүнаймагындагы тазалык муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдында башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын - беренесинин негизинде Савай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жол бойлорун жана ар түрдүү таштанды жайларды санитардык абалга жооп бере турган абалга келтирүү максатында айыл өкмөтүнүн аймагында “Савай-Тазалык” ишканасы ачылсын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет турктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Сыдыков