Редакцияот 10.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышындагы III сессиясы

 

2017-жылдын 12-майы № 8

Садыр аке айыл өкмөтүнүн штаттык тизимин бекитүү жөнүндө

Садыр аке айыл өкмөтүнүн штаттык тизимин карап жана талкуулап Эл депутаттарынын Садыр аке айылдык Кеңешинин ХХVII–чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Садыр аке айыл өкмөтүнүн штаттык тизими өзгөртүү жана толуктоолор менен бекитилсин.

2. Штаттык тизимдеги социалдык коргоо боюнча башкы адис кызматы, социалдык жактан коргоо боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна өзгөртүлсүн.

3. Штаттык тизимдеги ЖКХ жана МЧС боюнча башкы адис кызмат орду, Муниципалдык менчикти башкаруу жана инвестиция тартуу боюнча башкы адис кызмат ордуна өзгөртүлсүн.

4. Бул токтом Облустук юстиция Министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.

5.Бул токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Аруновго жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.Кадыркулов