Редакцияот 25.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Жан – Булак айылдык КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 25-январы № 2

Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн атайын эсеп счетундагы жыл башына калган калдык акчасын пайдалануу жѳнүндѳ

Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Ж. Эсенканова сессиянын катышуучуларына билдирүү жасады. Мындан кийин депутаттар суроолорду беришти, жана ага тиешелүү жоопторду алышты.

Жогорудагыларды белгилеп, Жан – Булак айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

- Айыл ѳкмѳтүнүн атайын – эсеп счетундагы 33900 (отуз үч мин тогуз жүз) сом айыл ѳкмѳтүнүн бала бакчасына тамак – аш алуу үчүн жумшалсын.

- Каралып жаткан бул акчага тиешелүү смета түзүү жана аны аткарууга алуу айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери - Ж. Эсенкановага тапшырылсын.

 

Төрага

Р.Акунов