Редакцияот 14.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Жан – Булак айылдык КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жан – Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 25-январы № 3

Жан-булак айыл аймагынын 2016-2020 жылдарда айылды өнүктүрүү стратегиялык планын бекитип берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин катчысы А.Омүрзаков чогулушту ачып тɵмɵндɵгүлɵргө токтолду. . АРИСин айылды инвестициялоо долбоору (ПСИ)-3 программасынын алкагында биз айылга керектүү биз муктаж болгон социалдык обьектилерди ондоп жана тургузуу үчүн жумушчу топтун жардамы менен стратегиялык план түзүп чыктык

Жогорудагыларды карап чыгып талкуулап Жан-Булак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

- Жан-Булак айыл аймагынын 2016-2020-жылдарга карата түзүлгөн Стратегиялык планы жактырылсын.

- Жан-Булак айыл аймагынын 2016-2020-жылдарга карата түзүлгөн Стратегиялык планы бекитилсин.

- Бул токтомдун аткарылышын Жумушчу топтун төрайымы Ильичбек кызы Жазгүлгө тапшырылсын.

 

Төрага

Р.Акунов