Редакцияот 06.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2017-жылдын 06-февралы № 8

Кыштут айыл өкмөтүнүн 2017-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыштут айыл өкмөтүнүн 2017-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Балтабаевдин баяндамасын угуп жана кеёири талкуулап Кыштут айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын III сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыштут айыл өкмөтүнүн 2017-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Зикиров