Редакцияот 06.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси

 

2017-жылдын 06-январы № 1/6

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2017-жылга перспективалык иш-планын бекитүү жөнүндө

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Казматовдун айылдык Кеңештин 2017-жылга перспективалык иш-планы боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2017-жылга перспективалык иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин. ( тиркеме тиркелет ).

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин търагасынын орун басары Н.Казматовго тапшырылсын.

 

Төрага

С.Карабаев