Редакцияот 28.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги XXVII чакырылышынын I сессиясы

 

2017-жылдын 28-февралы № 27-8

Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө

Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровдун 2016-жылдагы бюджетин киреше жана чыгаша бөлүмүнүн аткарылышы боюнча берген отчётун угуп жана талкуулап Уч-Коргон айылдык Кеңешинин эл депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уч-Коргон айылдык Кеңешинин эл депутаттары Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетин аткарылышы боюнча киреше багыты 9828778 сом, ал эми чыгаша багыты 9356678 сом болуп бекитилсин.

2. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2016- жылдагы бюджеттин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

 

Төрага

М.Уметалиев