Редакцияот 01.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 39-сессиясы

 

2016-жылдын 03-ноябры № 28

Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Биримкуловдун Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражаты жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен түшкөн 300000 (үч жүз миң)сом акча каражаты төмөнкүдөй багыттарга жумшалсын.

2. Кара-Суу айылдык аймагындагы айыл өкмөтүнүн кеңсесинде интернет байланышы жок болгондугуна байланыштуу интернет булагына туташтыруу үчүн 36300 (отуз алты миң үч жүз) сом каралсын.

3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган ТП-802 400квт трансформаторун Талас РЭСинин балансына өткөрүү үчүн 60000(алтымыш миң) сом жумшалсын.

4. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесине эмеректерди алуу үчүн 203700(эки жүз үч миң жети жүз) сом жумшалсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Курманалиева