Редакцияот 21.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутуттардын Савай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү I сессиясы

 

2016-жылдын 21-январы № 8

 Савай айыл өкмөтүнө караштуу Савай айылынын көчөсүнө Улуу Ата-Мекен согуштун катышуучусу Эшматов Калилдин ысымын берүү жөнүндө

 Савай айылдык кеңеши Савай айылынын тургуну Эшматов Мааматсалинин арызын жана 2016-жылдын 04.01. чогулуш отурумун Кара-Суу Бириккен шаардык аскер комиссариатынын №30.29.01.2016-жылдагы аныктамасын карап чыгып  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлундагы  №159 токтомуна ылайык Савай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуу Ата-Мекен Согушунун катышуучусу Эшматов Калилдин ысымы өзү жашап өткөн көчөгө ыйгарылсын. 

 

Савай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Б.Мамашов