Редакцияот 19.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кеңештин 6 созывынын 1 чакырылышындагы сессиясы

 

2016-жылдын 19-февралы № 4

Осмонкулов айылдык кеңешине Байматова Кымбаттын 2016-2017-жыл “Маданият жана Тарых жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу №113 жылкы заводунун 80 жылдык юбилейине карата КБО имаратынын тегерегин көрктөндүрүү максатында Эсенжан Мураталиевдин паркын ачуу үчүн 25 сотых жер тилкесин сурап кайрылган кайрылуусун 11-февраль 2016-жылдагы жалпы жыйында жактырылган билдирүүсүн угуп жана талкуулап Осмонкулов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 25 сотых жер аянты парк уюштуруу үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Парк Эсенжан Мураталиевдин наамына ыйгарылсын.

3. Эсенжан Мураталиев атындагы паркты уюштуруу көрктөндүрүү Байматова Кымбатка милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Озубеков