Редакцияот 19.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кеңештин 6 созывынын 1 чакырылышындагы сессиясы

 

2016-жылдын 19-февралы № 9

Осмонкулов айылдык кеңешине Өзубеков Азамат Жылкычиевичтин жазган арызынын негизинде Осмонкулов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Осмонкулов айылдык аймагынын № 6104 Бакай-Таш шайлоо участогунун депутаты Өзубеков Азамат Жылкычиевич башка кызматка өткөндүгүнө ( 22-берененин 1 бөлүмү ) байланыштуу жазган арызынын негизинде депутаттык мандаты алынсын.

2. № 6104 Бакай –Таш шайлоо участогунан депутаттык резервде турган Бегалиев Муратбек Буланбековичке мандатын берүү жагы Талас аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын...

 

 

Төрага

А.Озубеков