Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-сентябры № 43
Боз-Учук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ысык-Кел облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл аймагынын жергиликтуу жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан тушкен сын-пикир, сунуштарын эске алып, Боз-Учук айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, Боз-Учук айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-белугунун 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Боз-Учук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Боз-Учук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Экметуне караштуу ез алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Боз-Учук айыл өкмөтү милдеттендирилсин.
4. "Боз-Учук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" Боз-Учук айылдык кеңешинин 2013-жылдын 17-июлдагы №_9 Токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Боз-Учук айылдык кеңеш боюнча туруктуу комиссиянын тер
Төрага | А. Рахманкулов |
| Боз-Учук айылдык аймагынын Айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 7 сентябрында № 43 токтому менен бекитилди |
Жалпы жоболор
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
Корутунду жоболор
Боз-Учук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондоа жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Боз-Учук айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар, айыл аймагынын чегинде туруктуу жана убактылуу жашаган адамдарды кошкондо, жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;