Редакцияот 16.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы

 

2016-жылдын 16-декабры № 4/6

" Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №3 токтомун бекитүү жөнүндө"

Авлетим айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө эсептөө комиссиясынын төрагасы А. Төлөбаевдин билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин  VII чакырылышынын IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун, жабык добуш берүүнүн натыйжаларын чыгаруу тууралуу эсептөө комиссиясынын №3 токтому бекитилсин. (эсептөө комиссиясынын №3 токтому тиркелет)

2. Көпчүлүк жана жобого ылайык жетиштүү добушка (11 (онбир) депутат макул деп добуш берген) ээ болгондугу үчүн № 317 шайлоо округунан депутат Шырдаков Анаркул Тойчуевич Эл депутаттарынын Авлетим айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин

 

Төрага

С.Ибраимов