Редакцияот 29.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы

 

2016-жылдын 16- декабры № 5/1

Авлетим айылдык кеңешинин 2017-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча: Авлетим айылдык кеңешинин 2017-жыл үчүн иш планы жөнүндөгү маселени талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Авлетим айылдык кеңешинин 2017- жыл үчүн иш планы бекитилсин. (иш план тиркелет.)

2. Иш планда белгиленген маселелерди даярдоо жана өз убагында сессияларга сунуштоо жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын, төрагаларына милдеттендирилсин.

3. Иш пландын аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.С. Абдиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Ибраимов