КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз 58-сессиясы
2016-жылдын 18-октябры №15
Кадамжай шаардык мэриясына “КСК” ААКна таандык административдик кеңсеге жарыяланган аукционго катышууга уруксат берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын №694 номуру менен чыгышталган кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясына “КСК” ачык акционердик коомуна таандык болгон административдик кеңсеге жарыяланган аукционго катышууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев
|