Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү Шаардык Кеӊешинин III Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 10-февралы №9
Сүлүктү шаарынын 2016-жылга бюджетинин аткарылышы, 2017-жылдын бюджети жана 2018-2019-жылдарга бюджеттин болжолу боюнча, КР.ФМ. Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибеков жана депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Р.Мавлянованын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Сүлүктү шаарынын 2017-жылга бюджетин жана 2018-2019-жылдарга бюджеттин болжолун «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга Республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү» 22–декабрь 2016-жылдын №215 Мыйзамынын негизинде жана (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамы менен колдонууга киргизиген) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сүлүктү шаарынын 2016-жылга каралган бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 47028,3 мин сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 46955,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. (№1 тиркеме).
2. 2017-жылга шаардын бюджети кирешелер боюнча 47177,2 мин сом жана чыгашалар боюнча керектөөсү 47177,2 миң сом жана 2018-2019-жылдарга болжолу 49436,2 жана 51512,2 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Шаардын 2017-жылга бюджети 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жыл ичиндеги бюджеттин жетишсиздигини толуктоо жана жергиликтүү каржы булактарын табуу боюнча жогорку органдардан суроо жагы депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жергиликтүү аткаруу бийлигине жүктөлсүн.
4. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, социалдык жөлөкпулдар жана коммуналдык чыгымдарга) жүргүзүлсүн.
5.Жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жүргүзүлсүн, 2017-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана шаардын жергиликтүү бюджети үчүн сатуудан түшкөн салыктан 50 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү ченеми болуп бекитилсин. (тиркеме №3).
2) Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери боюнча (жайгашкан орду) боюнча шаардын тиешелүү жергиликтүү бюджетине - 50 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3) Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнун негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн-шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4) Төмөнкүлөрдү кошпогондо, өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган администрациялык айыптардын суммасынан жергиликтүү бюджетке – 50 пайыз өлчөмүндө:
а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык укук бузууларды жасоодо өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасы;
б) бажы органдары тарабынан өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;
и) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынган администрациялык укук бузуулар үчүн айыптардын суммасын.
5) жер салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6) мүлк салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2016-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктын ар бир түрү боюнча пландык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү бекитилсин. Салык мыйзамында көрсөтүлгөн киреше салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын бекитилген пландык көрсөткүчтөрү ашыра аткарылганда, ашыра аткаруунун суммасы белгиленген тартипте толугу менен жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
7. Жергиликтүү салыктык жана салык эмес жыйымдардан келип түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджеттерге (республикалык бюджет) алынууга жатпайт.
8. Бюджеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынат негизи («Кыргыз Республикасынын 2017-жылга Республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү» 22–декабрь 2016-жылдын №215 Мыйзамы.
9. Коомдук аймактык өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин бир айлык эмгек акысы, «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга Республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү» 22–декабрь 2016-жылдын №215 Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, 2017-жылга эн аз эмгек акынын 2 эсе эсебинде каралсын жана 2400 сом өлчөмүндө бекитилсин. Коомдук аймактык өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин 2017- жылга эмгек акысына жана соцфондго болгон чегерүүлөрү ушул токтомдун №5 тиркемесине ылайык бекитилсин.
10. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн орто мектептери жана балдар бакчаларында ата энелер тарабынан камкордук көрүү кенеши түзүлүп, шаардык казыналыктан эсеп счет ачылып жүргүзүү жагы уюштурулсун.
11. 2017-жылга шаардын бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
12. Сүлүктү шаарынын жергеликтүү бюджетинин 2016-жылдан калган 599,5 мин сом бош акча каражаттарын 2017-жылдын бюджетинин эсебинде жана чегинде Сүлүктү шаардык мэриясынын 2017-жылга №____ Буйрутмасынын негизинде каржылансын.
13. “Кыргыз Республикасынын областтык губернаторлоруна – мамлекеттик жергиликтүү администрациянын жетекчилерине резервдик фонд боюнча жобосун бекитүү” тууралуу Кыргыз Ресупбликасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №238 Токтомуна жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, шаардын бюджетин бекитүүдө каралбай калган экономикалык, социалдык маданий жана башка иш чаралар боюнча күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн Сүлүктү шаардык мэриясына 1% өлчөмүндө, 2017-жылга резервдик фондунун суммасы 400,0 мин. сом өлчөмүндө бекитилсин.
14. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылда жүргүзүлүүчү кассалык накталай акчасы 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
15. Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 8-январындагы №7-15/5 сандуу көрсөтмөсүнүн жана Баткен областтык кырсыктан сактоо башкармасынын 2009-жылдын 22-декабрындагы №424 катынын негизинде 2017-жылы өзгөчө кырдаалдан сактануунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоо №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. 2017-жылга Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “Жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны, (КР Токтом 08.07.2013-ж №403) №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
18. Сүлүктү шаардык кенешинин типтүү түзүмү жана штаттык саны ( КР Токтом 05.08.2011-жыл №452) №9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. Сүлүктү шаардык Кошбулак поселкасынын аймактык башкармалыгынын типтүү түзүмү жана штаттык саны, ( КР Токтом 10.09.2009-ж №566) №10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №384 Токтому менен бекитилген жобонун негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенештин муниципалдык кызматчыларына эмгек тармагындагы кезектеги кадамды ыйгаруу (Сүлүктү шаардык мэриясынын 2017-жылдын 9-январындагы №02-1/04 Буйругу, шаардык кенештин 2016-жылдын 30-декабрындагы №49 Буйругу) жана (Сүлүктү шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 5-январь 2017 жылдагы Буйругу) жана төлөө жагы каралсын.
21. Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу, бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлеринин адистик кесиптерин жогорулатууга сапарга болгон чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-май 2016-жылындагы № 241 Токтомунун негизинде төлөө жагы каралсын.
22. Бюджеттик мекеме ишканалардын 1-январь 2017-жылга болгон кредитордук карыздары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүгүнүн пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен каржылануучу трансферттердин эсебинен төлөө жагы каралсын.
23. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн дебитордук карыздары жана 2017-жылга жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше бөлүгү, штаттык бирдиктери, негизги сметасынын чыгаша бөлүгү №11, №12, №13 тиркемелердин негизинде бекитилсин.
24. Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына, шаар аймагын тазалоочу, бакчы, электрик, грейдер айдоочу, айдоочу тазалоочу жана жүктөөчү үчүн 14 штаттык бирдик каралсын жана №14 тиркеменин негизинде бекитилсин.
25. Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаш депозит дарыгерлерине көмөк көрсөтүү боюнча № 15 тиркеменин негизинде бекитилсин.
26. Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттининин 2010-жылдын 20-январындагы №9-0 Тескеме) №16 тиркеменин негизинде бекитилсин.
27. Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүндөгү ишканалардын типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-май №268, 2012-жылдын 31-январь №66 жана 2012-жылдын 17-августундагы №572 Токтомдорунун негизинде) №17 тиркемеге ылайык бекитилсин.
28. Сүлүктү шаардык “Шахтер жолу” газетасынын атайын эсебинин киреше бөлүгүнүн тартыштыгына байланыштуу 3 (үч) штаттык бирдик жергиликтүү бюджеттин эсебинен №18 тиркемеге ылайык бекитилсин.
29. Сүлүктү шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрь №768 токтомуна жана КР эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин 2016-жылга бекитилген штаттык бирдигинин негизинде) №19 тиркемеге ылайык бекитилсин.
30. Жергиликтүү мекеме ишканаларга демөөрчүлүк (спонсорский), гуманитардык жардам иретинде берилүүчү акча каражаттары ишкананын атайын эсеби (спец.счет) аркылуу түшүрүү жагы каралсын жана аны көзөмөлдөө жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
31. Бюджеттик мекеме ишканалардын колдонулбай калган статьясынан керектүү статьяга жылдыруу 50,0 мин сомго чейин шаардык кенештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде каралсын.
32. Шаардын социалдык тармактарын ондоп түздөө үчүн түзүлгөн долбоорлорду колдоо максатында республикалык бюджеттен берилүүчү түрткү берүүчү гранттарга 25% эсебинде өздүк салымы жергиликтүү бюджеттен каралсын.
33. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Азизбеков |
Шаардык кенештин III сессиясынын 20.02.2017ж. №9 токтомуна № 1 тиркеме |
|
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылга бекитилген планы жана аткарылышы
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||