Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кууганды айылдык кеңешинин кезексиз XXIII сессиясы (XVI- чакырылыш )
2016-жылдын 28-июлу №16-23/1
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө №145 токтомунун негизинде, депутаттардын Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык кенеши ___чакырылыштагы кезексиз сессиясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 2 жана 3 – пункттарын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жумгал райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими жана жетектөөчу адис статистик штат бирдиги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтү, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти кызматтык бөлмө менен камсыз кылсын.
4. Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысына, келишимде көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдардын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Жумуковго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Ажыгулов |
Баш Кууганды айылдык
кенешинин эл депутаттарынын
XVI чакырылышынын XXIII
кезексиз сессиясынын №16-23/1
токтому менен бекитилди
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
1. Келишимдин тараптары
1.1 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жумгал райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучу “Жумгал райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө” жобонун негизинде иштеген Эрмекова С.М биринчи тараптан жана Баш Кууганды айыл өкмөтүнүн атынан “Баш Кууганды айыл өкмөтү жөнүндө” жобонун негизинде иштеген Жумуков Р экинчи тараптан
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
2. Келишимдин шарттары
2.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык
Жумгал райондук мамлекеттик статистика бөлүмү
Баш Кууганды айыл өкмөтүнө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө; 2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө; 3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурма айдоо тууралуу; 4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө; 5) айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө; 6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө; 7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө; 8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары тууралуу; 9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө;
“Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”.