Редакцияот 23.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык кеңешинин II сессиясы ( VI чакырылыш )

 

2017-жылдын 23-январы №2/4

 

Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлерин пайлагандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларына колдонулуучу К-З коэффицентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин №339-статьясынын 4-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлунун башчысынын билдируусун угуп жана талкуулап Уч-Коргон айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. 2017-жылга Уч-Коргон айылдык кенешинин аймагындагы калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын диференциялоо үчүн колдонуучу К-З экономикалык баалоо коэффицентин төлөө төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

         

№

Салык төлөөчу физикалык жана юридикалык жактардын аттары, дареги

К-З коэффицент

1

Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тамарка салыгы боюнча Салык Кодексинин №341 –беренесинин 3-пунктуна ылайык төмөнку формула Н=С*П*Кз боюнча эсептеленет

1

2

Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме ишканалар жана кең байлыктарынан (карьерлер) пайдалануучу ишканалар Салык Кодексинин №341-беренесинин 2-пунктуна ылайык төмөнку формула Н=С*П*Ки*Кз*Кк боюнча эсептеленет

1.2

3

Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан бардык соода туйундөру, коомдук тамактануу жайлары, АЗС, СТО, аптека, элди тейлөөчу жана башка ишканалар Салык Кодексинин №341-беренесинин 2-пунктуна ылайык төмөнку формула Н=С*П*Ки*Кз*Кк боюнча эсептеленет

1.2

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Х.Джалалов