Редакцияот 02.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы (VI чакырылыш )

 

2017-жылдын 2-марты №16/1

“Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

“Кара-Суу райондук согуш жана эмгек ардагерилеринин Кенеши” коомдук бирикмесинин райондук кенешинин жана ардагерлер чогулушунун 2016-жылдын 11-ноябрындагы чечиминин негизинде “Кара-Суу райондук согуш жана эмгек ардагерилеринин Кенеши” коомдук бирикмесинин райондук кенешинин төрагасы Тажибаев Абиджанга “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу үчүн Кара-Суу шаардык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. “Кара-Суу райондук согуш жана эмгек ардагерилеринин Кенеши” коомдук бирикмесинин райондук кенешинин жана ардагерлер чогулушунун 2016-жылдын 11-ноябрындагы чечиминин негизинде “Кара-Суу райондук согуш жана эмгек ардагерилеринин Кенеши” коомдук бирикмесинин райондук кенешинин төрагасы Тажибаев Абиджанга “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кенешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р.Х.Хатамов