Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы (VI чакырылыш )
2017-жылдын 2-марты №16/4
Кара-Суу шаар мэринин 2016-жыл ичи аткарган иштерин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаар мэри З.Тургунбаевдин 2016-жылда аткарган иштери «Канаатандыраарлык» деп табылсын.
2. Кара-Суу шаарындагы Юбилейный, Арашан кичи районундагы почта бөлүмү Кара-Суу шаар мэриянын балансында калтырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
Р.Х.Хатамов |
Кара - Суу шаарынын 2016-жылдын 12 айындагы социалдык- экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча маалымат
Кара - Суу шаарынын 2016 – жылдын 12 айында социалдык - экономикалык жактан стабилдүү өнүгүүсү, жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын камсыздалышы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, облустук, райондук мамлекеттик администрацияларынын көрсөтмөлөрүн, шаардык Кенештин 2016-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча токтому менен бекитилген иш - чараларды иш жүзүнө ашырууда шаар мэриясы тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Бекитилген иш-чаралардын аткарылыштарынын жыйынтыктары боюнча жыл ичинде квартал сайын райондук мамлекеттик администрациясына отчеттор тапшырылып, шаардык кенешке маалыматтар берилип турулду, тапшырылган отчеттор жана маалыматтар боюнча белгиленген кемчиликтер, сунуштардын жыйынтыктары мэриянын аппараттык кеңешмелеринде каралып, кетирилген кемчилдиктерди өз убагында жоюу боюнча иштер алып барылды.
Натыйжада, отчеттук мезгилде өнөр жай продукцияларын чыгаруучу ишканалары тарабынан 2016-жылдын 12 айында 16819,1 миң сомдук өнөр жай продукциялары чыгарылдыжана өткөн жылга салыштырганда 105,2 % аткарылды.
Бюжеттин киреше бөлүгү
Шаардын жергиликтүү шаар бюджетине 2016 - жылдын 12 ай ичинде жалпысынан (атайын каражаттарды кошкондо) 67857,6 миң сом түштү же такталган планга карата 100,6 пайызга камсыздалган.
Өз ыктыяры менен алунуучу патент сатуудан 7632,7 миң сом, кыймылсыз жана кыймылдагы мүлктөрдөн алынуучу салыктан 11289,8 миң сом, жер салыктарынан 2522,9 миң сом, сатуудан алынган алынуучу салыктан 18478,8 миң сом, атайын каражаттардан 5619,1 миң сом түштү.
Ошону менен бирге эмгек акыдан эсептелүүчү подоходдук салыктан 20534,0 миң сом түштү.
Кара-Суу шаарынын муниципалдык жерлеринен алынуучу ижара акысы 2016-жыл ичинде 1402,2 миң сомду түздү.
Бюджеттин чыгаша бөлүгү.
Кара - Суу шаарынын 2016 – жылга бекитилген бюджеттин чыгашалар бөлүгүндө каралган сметадан ашыкча каржылоо жүргүзүлгөн жок.
Капиталдык салым, курулуш жана инвестиция тартуу боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан колдооого алынган таза суу системасын жакшыртуу жана таштанды сууларды тазалоочу курулманын курулушу боюнча I этапта 6,320 млн евро акча каражатын каржылоо каралып, кредиттик жана гранттык келишимдер түзүлдү.
Азыркы учурда Европа өнүктүрүү банкы тарабынан консультанттар келишип, 2017-жылдын 10-январынан жумуштарын башташат. Биринчи этапта Кара-Суу шаарынын Юбилейный, Арашан кичи шаарчаларында жайгашкан көп кабаттуу үйлөр, борбордук Ленин, Кушбаков, Токтогул көчөсүндө жайгашкан жеке менчик үйлөр, административдик жана социалдык обьектилер канализацияга уланат.
Аталган маселени ишке ашыруу боюнча мэрия тарабынан көптөгөн иштер алынып барылууда. Атап айтсак, 2016-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинде, 2016-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинде, 2016-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коопсузук жана коргоо комитетинде Кара-Суу шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын жакшыртуу менен “Кара-Суу Таза-Суу” ишканасына колдоо көрсөтүү долбоорунун негизинде Кара-Суу шаарына Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 2 млн евро насыя жана 310,0 миң евро грант алууга келишим түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын июнь айында №257-б буйругунун негизинде аталган долбоор боюнча кредиттик макулдашуунун, Кыргыз Республикасынын жана Кара-Суу шаар мэриясынын жана «Кара-Суу Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун долбоорлору жактырылып, Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри тарабынан кол коюлуп, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кара-Суу шаар мэриясы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, «Кара-Суу Таза-Суу» муниципалдык ишканалары ортосунда кредиттик жана гранттык макулдашуу боюнча төрт тараптуу келишим түзүлүп кол коюлду. Аталган маселе жогорку кеңеште ратификацияланса долбоодо көрсөтүлгөн иштер башталат.