Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин I сессиясы ( V- чакырылыш )
2016-жылдын 21-апрели №I-01
Күн тартибиндеги коюулган биринчи маселени угуп жана талкуулап Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Депутаттардын Көк-Бел айылдык кеңешинин Регламенти Жобого ылайык бекитилсин (жобо тиркелет)
Депутаттардын курагы боюнча улуусу, чогулуштун төрагасы | М. Казамбеков |
Көк-Бел айылдык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги
I сессиясынын I - 1 токтомуна тиркеме
Көк-Бел айылдык Кенешинин Регламенти
I. Жалпы жоболор.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамына ылайык, кенештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Айылдык кенеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзүлөт.
Айылдык Кенеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөрү жана штампы болот.
Айылдык Кенештин Регламенти, айылдык Кенештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
II. Айылдык Кенештин компетенциясы.
2.1. Айылдык Кенеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 29 жана 29-1 статьяларына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
- Социалдык экономикалык өнүктүрүүн\ жана калктын социалдык жактан коргоонун айылдык масштабдагы программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү;
- Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөотчетун бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жана бюджеттен тышкары фонддордун максаттуу пайдаланышы жөнүндө маалыматтарды угуу;
- Кенештин Регламентин кабыл алуу;
- Кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана милдеттеринен бошотуу;