Редакцияот 18.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылыш кезектеги XII сессиясы

 

2017-жылдын 18-февралы № XII-3

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн негизги жума(пятница) күнү боло турган мал базардан алынуучу төлөмдөрдү мыйзамдаштыруу жөнүндө

 

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн мал базарынан алынуучу төлөмдөрдү мыйзамдаштыруу үчүн элдин арызынын негизинде сатылган малдарга төлөм алынуусу туралуу Көк-Бел айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн мал базарынан алынуучу төлөмдөр мыйзам чегинде сатылган (бодо) малдардан 30 (отуз) сомдон, жана койлордон 20 (жыйырма) сомдон алынсын.

            2. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн мал базарында сатылбай калган малдардан төлөнүүчү төлөмдөр алынбасын.

            3. Токтомдун аткаруу көзөмөлү айылдык кеңештин экономика, бюджет, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

А.Раев