Редакцияот 21.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 21-апрели №27-1/3

Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

 

Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин эсептөө комиссиясынын төраганы шайлоо боюнча № 2 протоколун угуп, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын I сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча, эсептөө комиссиясынын № 2 протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын төрагалыгына депутат Айсаракунов Эрлан Асанкадырович шайлансын.

3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин жана ММКларга жарыялансын.

 

Төрага

Э.Айсаракунов