Редакцияот 27.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасынын Кара-Кулжа районунун Алайку айылдык кеңешинин кезектеги 17 сессиясы (5-шайланган)

 

2016-жылдын 27-январы № 17.1

Алайку айыл Кеңешинин кезектеги 17-сессиясынын (5-чакырылыш) жыйыны күн тартибиндеги 1-маселе боюнча айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адиси С.Чордоновдун 2015-жылы аткарган иштери жөнүндө билдирүүсүн угуп

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмүтүнүн киреше боюнча адиси С.Чордоновдун 2015-жылы аткарган иштери жөнүндө билдирүүсү канааттандырган жок, кагаз жүзүндө депутаттарга толук маалымат жеткен эмес .

2. Кийинки сессияга транспорт салыгы боюнча кагаз жүзүндө маалымат берүү жагы эскертилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика бюджет боюунча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Алайку айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н. К. Осеков