Редакцияот 27.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасынын Кара-Кулжа районунун Алайку айылдык кеңешинин кезектеги 17 сессиясы (5-шайланган)

 

2016-жылдын 27-январы № 17.3

Алайку айыл Кеңешинин кезектеги 17-сессиясынын (5-чакырылыш) жыйыны күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча айыл башчылар Б.Мыйманбаев, Ө.Бечековдордун 2015-жылы аткарган иштери жөнүндө билдирүүсүн угуп

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кан-Коргон жана Сай-Талаа айылдарынын айыл башчылары Б.Мыйманбаев, Ө.Бечековдордун 2015-жылы аткарган иштери жөнүндө билдирүүлөрү канаттандырылсын.

2. Көк-Арт айылынын айыл башчысы ооруп, өзү жоктугуна байланыштуу 2015-жылы аткарган иштери жөнүндө билдирүүсү кийинки сесияга калтырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Б.Аккозуевге милдеттендирилсин.

 

Алайку айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н. К. Осеков