Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин II сессиясы (VII чакырылыш)
2017-жылдын 30-январы №1
Ак-Суу айылдык Кеңешинин жаӊы регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин так белгилөө максатында жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Ак-Суу айылдык Кеңешинин регламентинин жаны редакциясын талкуулап, мыйзамдуулук жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылдык Кеңешинин регламенти бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы айылдык кеӊештин сессиясынан суралсын.
Төрага | Т. Эшалиев |
Бекитилди:
Ак-Суу айылдык кеӊешинин
30-январь 2017-жыл.
№1 токтомуна.(1-тиркеме)
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
Бул Регламент Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын ишмердиги жөнгө салган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН НЕГИЗГИ ИШТЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1.1 Ак-Суу айылдык Кенеши (мындан ары-айылдык кенеш) жашыруун добуш беруу менен жалпы тен жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 21 депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялдык негизде ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айыл өкмөтү айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Устав менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
1.3. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.5.Айылдык кенеш өз иш милдеттерин аткарууну мыйзамда белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы айылдык кенештин биринчи өткөрүлгөн күнү токтотот.
2-глава. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер.
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.