Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы №2
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана 2018-2019-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылкы жергиликтүү бюджеттинин аткарылышы жөнүндө ФЭБ башчынын отчету «канаатандырарлык» деп табылсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин көлөмү бекитилген киреше 2530,1 (эки миллион беш жуз отуз мин бир жуз )сом, мунун ичинен атайын каражат 562,5 (Беш жуз алтымыш эки мин беш жүз )сом, теңдоочу грант 5083,4 (беш миллион сексен уч мин торт жүз )сом, жалпысы: 7613,5 (Жети миллион алты жүз он уч миң беш жуз ) сом суммасында (№1- тиркемеге) ылайык бекитилсин .
3. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018- 2019-жылдагы жергиликтүү бюджеттин трансферттерин болжолдуу көлөмү (№2- тиркемеге) ылайык бекитилсин, жана өздүк бекитилген киреше мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.
4. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетин чыгаша бөлүгү ( № 3 тиркемеге ) ылайык бекитилсин.
5. 2016-жылдан пайдаланбай калган 935222,74 (Тогуз жуз отуз беш мин эки жуз жыйырма эки сом 74 тыйын) акча каражаттын ар кандай чыгымдарга чыгымдоо жумуштарына жумшалсын (№4 тиркеме тиркелет)
6. 2016-жылдагы атайын каражаттан ата энелер толомунон пайдаланбай калган 36235,00 (отуз алты мин эки жуз отуз беш сом, 00 тыйын) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн балдар бакчасынын тамак ашы үчүн жумшалсын (№5 тиркеме тиркелет).
7. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге(айлык акы, соц фонд , тамак аш, комур, байланыш,электр энергиясы) калган сумма башка түрдүү беренелерге жумшалсын.
8. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөттүн башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн .
9. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укутарынын негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын 21-беренесине ылайык жалпы жылдык бюджеттин 1 пайызы 76,0 (жетимиш алты мин) сом олчомундо айыл өкмөтүнун резервдик фонду түзүлсүн.
10. Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кенешке сунуш берүү жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Кожобековго милдеттендирилсин.
11. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салыктык эмес төлөмдордүн белгиленген пландарынын ар бир түрү боюнча аткарууну айыл өкмөттүн салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомуна негиз айыл өкмөттүн 2 (эки) айыл башчысынын ордуна 4(торт) айыл башчы, жарым ставка менен 2 (эки) кызматкер аскердик учетко алууга , айлык акылары жетектоочу адистин айлык акысынын денгээлинде каралып бекитилсин.
13. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жыл башына 2017-жылга жүгүртүучү накталай акча каражаты 200000,00 (эки жуз миң) сом өлчөмү менен бекитилсин.
14. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы бөлүм башчы А.Кожобековго милдеттендирилсин.
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Д.Шадыкановко милдеттендирилсин .
Төрага | Т. Эшалиев |
Ак-Суу айылдык кеңешинин
15.02.2017-жылдагы
№ 2 токтомуна
Тиркеме № 1
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин
№п/п | классификации | Кирешенин аталышы | 2017ж Кош-ча Такт-н план план план |
САЛЫКТЫК КИРЕШЕЛЕР | |||
1 |
11111100 |
Киреше салыгы (подоходный налог) | 813,0 - 813,0 |
2 | 11122100 | Милдеттуу патент | 7,0 - 7,0 |
3 | 11122200 | Ыктыярдуу патент | 103,2 - 103,2 |
4 | 11311100 | Кыймылсыз мулкко салык | 5,0 - 5,0 |
5 | 11312100 | Там арка жана жер участоктору учун жер салыгы | 125,6 - 125,6 |
5 | 11312200 | Айыл чарбасына жарактуу жерлердин салыгы | 83,8 - 83,8 |
6 | 11312300 | Айыл чарбасына жараксыз жерлердин салыгы | 266,0 - 266,0 |
7 | 11361200 | Жеке адамдардын транспорт салыгы | 102,0 - 102,0 |
8 | 11412100 | Сатуудан тушкон салык | 26,0 - 26,0 |
|
| Бардыгы: | 1628,4 - 1628,4 |
САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР | |||
9 | 14152600 | Жерди кайра болуш-уу фонд-н ижарасы учун акы: | 45,0 - 45,0 |
10 | 1423 | Ар кандай кызматтар учун төлөмдөр | 1,0 562,5 563,5 |
11 | 14311100 | Админстративдик айыптар,санкциялар | 0,0 - 0,0 |
12 | 14151200 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы : | 390,0 - 390,0 |
|
| Баардыгы | 436,0 562,5 998,5 |
13 | 26311200 | Жалпы кирешелер | 1967,6 562,5 2530,1 |
| Тендештируучу грант | 5083,4 -- 5083,4 | |
| Жалпы киреше болугу: | 7051,0 562,5 7613,5 | |