Редакцияот 26.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жоош айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы ( V чакырылыш )

 

2016-жылдын 26-декабры №23/1

Жоош айылдык кеңешинин V-чакырылыш кезектеги XХII -сессиясынын кабыл алган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө

 

Жоош айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы ХХII-сессиясында кабыл алынган чечимдеринин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы боюнча Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги XХIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы ХХII -сессиясында кабыл алынган 9 токтомдон 8 токтом аткарылып, № 22/3-4 токтом аткарыла электиги белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жоош айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Д.Кошоковага жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Бердикулов