Редакцияот 26.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жоош айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы ( V чакырылыш )

 

2016-жылдын 26-декабры №23/2

Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында 2016-жыл «Тарых жана маданият жылына» карата аткарылган иштер жана мекеме-ишканаларды жана калкты 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоонун абалы жөнүндө

 

Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында 2016-жыл «Тарых жана маданият жылына» карата аткарылган иштер жана мекеме-ишканаларды жана калкты 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоонун абалы жөнүндө депутат Н.Раманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги XХIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында 2016-жыл «Тарых жана маданият жылына» карата аткарылган иштер жана мекеме-ишканаларды жана калкты 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоонун абалы канааттандырарлык белгиленсин .

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Бердикулов