Редакцияот 26.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жоош айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы ( V чакырылыш )

 

2016-жылдын 26-декабры №23/3-10

Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Бирдик жана Ак-Жар айылдарын кеңейтүү максатында бериле турган жер аянтын ажыратуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө)

 

Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Султанбаевдин билдирүүсүн карап чыгып Жоош айылдык кеңешинин кезектеги ХХIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бирдик жана Ак-Жар айылдарын кеңейтүү максатында бериле турган 47,36 га жер аянтын ажыратуу боюнча Жоош айыл өкмөтүнүн программасы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын

 

Төрага

К.Бердикулов