Редакцияот 05.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Катраң Айылдык кеңешинин I Сессиясы ( VI Чакырылыш )

 

2017-жылдын 5-январы №1

 

Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 37-беренесинин 1,2-бөлүмчөлөрүнө ылайык, депутаттардын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгынын негизинде Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 5-январындагы протоколу бекитилсин. (Протокол тиркелет)

2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесинин 1,2-бөлүмчөлөрүнө негиз Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы кызматына Бөрүбаев Сапарали Жапарович шайланды деп эсептелсин.

 

Төрага

Бөрүбаев С.Ж.