ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш биринчи уюштуруу сессиясы
2017-жылдын 5-январы №2
Орозбеков айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агентигинин директорунун 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 04/24/63 «Айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин типтүү регламенти» менен таанышып, талкуулап чыгып Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айылдык округдун кеңешинин регламенти бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Айылдык округдун кеңешинин иш аракетинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндөгү» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык иштелип чыккан регламенти жетекчиликке алынсын.
Төрага | Т. Эргешов |