Редакцияот 04.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Колот айылдык кеӊешинин кезектеги I сессиясы (бешинчи шайланган)

 

2017-жылдын 4-февралы №3

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылынын аймагындагы акыр-чикир төгүлүүчү 3 га жердин ижара акысын которуу жөнүндө

 

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн аймагындагы Курбан-Кара айылынын 3 га жери Кара-Суу шаарынын мэриясына көп жылдык мөөнөткө ижара келишиминин негизинде Кара-Суу шаарынын элинин акыр-чикири төгүлүп келе жатат. Төгүлгөн акыр-чикирдин зыяндуулугун жана айыл өкмөтүнүн бюджетин кеңейтүү максатында Сары-Колот айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) депутаттарынын кезектеги I сессиясынын чечиминин негизинде Сары-Колот айылдык кеңеши токтом кылат

ТОКТОМ:

1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылынын аймагындагы 3(үч) га жер аянтына төгүлүп жаткан акыр-чикирдин ижара акысы ай сайын 100(жуз) миң сом өлчөмүндө төлөнсүн жана бир жылдык төлөм 1200,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарууга алуу, тиешелүү инстанциялар менен келишим түзүү жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Насировго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Калыков