Редакцияот 04.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Колот айылдык кеӊешинин кезектеги I сессиясы (бешинчи шайланган)

 

2017-жылдын 4-февралы №4/3

Сары-Колот айылдык кеңешинин аймагындагы кээ бир калктуу конуштарга расмий ат коюу жөнүндө

 

Сары-Колот айылдык округунун аймагындагы эл оозунда Курбан-Кара айылынын «Түрк маала», Шерали айылынын «Бөрүлүк», «Тойчу», «Торойчу» деп аталып жүргөн айылдын тургундарынын 2017-жылдын 17-январындагы протоколунун негизинде Сары-Колот айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл оозунда «Бөрүлүк» деп аталып жүргөн айылга расмий түрдө ат ыйгарылсын.

2. Бул токтомду кароо жага Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Колот айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Калыков