Редакцияот 04.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги 16-сессиясы (V шайланган)

 

 2016-жылдын 4 февралы № 16/6

Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылында майда күркөлөрдө спирт ичимдиктерин сатууга бөгөт коюу жөнүндө

Жийде айылында майда күркөлөрдө спирт ичимдиктерин  сатууга бөгөт коюу жөнүндөгү  28.01.2016-жылдагы элдик жыйындын № 2 протоколун талкуулап чыгып Кашка-Жол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жийде айылынын элдик жыйынынын 28.01.2016-жылдагы № 2 протоколу бекитилсин.

2.    Жийде айылында майда күркөлөрдө,магазиндерде спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.

3.    Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө, айыл башчыларга,участкалык инспекторго тапшырылсын.

4.    Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук,жергиликтүү өз алдынча башкаруу,коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5.    Жийде айылында майда күркөлөрдө,магазиндерде спирт ичимдиктери сатылбасын.

 

Төрага

Б. Абдырахманов