Редакцияот 04.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 04-марты № 32/3

Баетов айыл аймагынын жайыт комитетинде 2016-жыл жайыт акыны бекитүү жөнүндө

Баетов айыл аймагынын жайыт комитетинде 2016-жыл үчүн жайыт акынын төлөмүн бекитүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылга карата Баетов айыл аймагындагы жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөр төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

- кой-эчкиге- 14 сом

-  уйга-70 сом;

- жылкыга 70 сом;

2. Баетов айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ташматовго төмөндөгү иштерди иштерди аткаруу жагы тапшырылсын:

- 2016-жылдан чогултула турган жайыт акыны өз убагында чогултуу жана өз максатында пайдалануу;

- Жайыт планын ылайык иш алып баруу;

- долбоор аркылуу келген кой кыркуучу машинкаларды баланска алуу;

3. Токтомдун аткарылышн көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Рысбаев