Редакцияот 04.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин кезексиз он жетинчи сессиясынын ( V чакырылыш) жыйналышынын

 

2016-жылдын 4-апрели № 17/1

Кара - Кочкор айыл өкмөтүнүн таштанды салыгын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 14-пунктуна ылайык Кара-Кочкор айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 14- пунктуна ылайык ар бир түтүнгө 30 сом өлчөмүндө таштанды салыгы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У. Амиракулов) жана айыл өкмөтүнүн салык боюнча кызматкери А. Жолдошбаевге тапшырылсын .

 

Төрага

К. Асанов