Редакцияот 20.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016 жылдын 20 майы №18/1

 

Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана айлана чөйрөнү тартипке келтирүү боюнча айыл башчылардын аткарып жаткан иштери жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, айлана чөйрөнү тартипке келтирүү боюнча айыл башчылардын жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин .

2. Айыл башчылар өздөрүнүн айылдарындагы үйлөрдү актатууну, короо жайларды иретке келтирүүнү уюштурушсун .

-айыл ичиндеги ички арыктарды казуу үчүн элди уюштуруу менен жол боюндагы аялдамаларды арыктарды калыбына келтиришсин .

-тез аранын ичинде жол боюндагы көрнөктөрдү мезгил талабына ылайык оңдоп түзөшсүн .

-айыл жериндеги жолдорду , көпүрөлөрдү оңдоо, эски суу түтүктөрүн оңдоону колго алышсын .

3.  Бул токтомдун аткарылышын Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин агрардык, азык - түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

 

  Кара-Кочкор айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 К.Асанов